> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/04/forel-zhana-osman-balygyn-belgilengen-olchomdo-gana-karmoogo-uruksat-berilet/
- Published: 2026-09-04T07:40:23.000Z
- Updated: 2026-09-04T07:40:22.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2026-жылга дарыяларда айрым балык түрлөрүн спорттук жана ышкыбоздук максатта кармоого лимит белгиленди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти билдирди.**

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жилингирин (форель), Амударыя жилингирин (форель) жана дарыя османын белгиленген лимиттин чегинде гана кармоого уруксат берилет.

Белгиленген лимит толук пайдаланылгандан кийин аталган балык түрлөрүн кармоого тыюу салынат.

> Лимиттен ашыкча балык кармоо мыйзамсыз балык уулоо болуп эсептелип, мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралат.

Департамент жарандарды балык уулоого чыгар алдында белгиленген талаптар менен таанышып, уруксат берилген көлөмдөн ашпоого чакырды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*