> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ветеринардык дарыканаларга текшерүү жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/07/veterinardyk-darykanalarga-teksheruu-zhurguzuldu/
- Published: 2026-09-07T12:15:37.000Z
- Updated: 2026-09-07T12:15:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери - Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларында ветеринардык дарыканаларга мониторинг жүргүзүштү.**

Мониторингдин жүрүшүндө ветеринардык дары-дармектердин сатылышы жана сакталуусу, дарыканалардын тиешелүү реестрлерге катталуусу жана мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилди.

> Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ветеринардык дарыканаларда ички реестрге катталбаган учурлар жана ветеринардык дары-дармектердин агрохимикаттар менен талапка ылайык өзүнчө сакталбагандыгы аныкталды.

Аныкталган кемчиликтер боюнча дарыканалардын ээлерине жана кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү талаптар коюлду.