> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто кышка көмүр даярдыгы башталды: баа көзөмөлгө алынат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/10/oshto-kyshka-komur-daiardygy-bashtaldy-baa-kozomolgo-alynat/
- Published: 2026-09-10T07:15:37.000Z
- Updated: 2026-09-10T07:15:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Ош шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоев катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте өткөрүлгөн жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты.

> Талкууда жылытуу мезгилинде калктын көмүргө болгон муктаждыгын толук камсыз кылуу, көмүрдүн жетиштүү көлөмүн алдын ала камдоо жана өз убагында жеткирүү маселелери каралды. Ошондой эле көмүрдүн баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча чаралар талкууланды.

Жыйындын соңунда шаар тургундарын көмүр менен камсыздоодо тиешелүү тараптардын биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**