> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 15-сентябрда окуу жылы башталат: мектептерде коопсуздук күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/15-sentiabrda-okuu-zhyly-bashtalat-mektepterde-koopsuzduk-kuchotulot/
- Published: 2026-09-14T06:20:45.000Z
- Updated: 2026-09-14T06:20:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**15-сентябрда Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталат. Ушуга байланыштуу билим берүү мекемелеринин айланасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалымдалгандай, ИИМ Агартуу министрлиги менен биргеликте окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жүргүзөт. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, балдар, ата-энелер жана мугалимдер арасында профилактикалык иштерди жүргүзүшөт.

Министрлик айдоочуларды мектептердин жанынан өтүүдө ылдамдыкты азайтып, өзгөчө этият болууга чакырды. Ата-энелерге балдарына жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин эскертип, мектепке чейинки коопсуз маршрутка көңүл буруу сунушталды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**