> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө заманбап тоок фабрикасы ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/chuido-zamanbap-took-fabrikasy-ishke-kirdi/
- Published: 2026-09-14T06:40:27.000Z
- Updated: 2026-09-14T06:40:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында "Ак-Суу асыл тукум чарбасы" ЖЧКсынын заманбап тоок фабрикасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.**

Фабрика өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүгө арналган иш-чаранын алкагында ачылды. 

> Долбоорго **450 млн сом** инвестиция тартылып, **145 жаңы жумуш орду** түзүлдү. 

Ишкананын ишке кириши ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, агроөнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого өбөлгө түзөт.