> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эскертүү! 16-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/eskertuu-16-sentiabrda-bishkektin-airym-aimaktarynda-suu-bolboit/
- Published: 2026-09-14T05:20:38.000Z
- Updated: 2026-09-14T05:20:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ичүүчү сууну пландуу өчүрүү 15-сентябрдан 16-сентябрга жылдырылганын билдирди.**

> Маалыматка ылайык, суу берүү 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.

Өчүрүү Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакты, ошондой эле "Алтын-Ордо", "Кара-Жыгач" жана "Полицейский городок" конуштарын камтыйт. Ишкана жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**