> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Кара-Балта сууканалы” МИна - 28 миң сом айыппул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/kara-balta-suukanaly-mina-28-min-som-aiyppul-salyndy/
- Published: 2026-09-14T09:20:51.000Z
- Updated: 2026-09-14T09:20:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**“Кара-Балта сууканалы” муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды топтоочу жайынан жана “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы калдыктарды агызган жерден такай жагымсыз жыт чыгып турат – деген даттануу менен Кара-балтанын тургуну Акыйкатчы институтуна кайрылган.**

> Жарандын арызына ылайык, жыт абаны булгап, жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жаткандыктан, алар коопсуз айлана-чөйрөгө жана ден соолукту сактоого болгон тургундардын укугун коргоп берүүгө муктаж болушкан.

Бул боюнча Акыйкатчы Институту Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кат жөнөтүп, арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган.

Ага ылайык, “Кара-Балта сууканалына” айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамын бузганы үчүн **28 миң сом айыппул** салынды. Ал эми “Кара-Балта спирт заводу” менен түшүндүрүү иштери жүрүп, алар жыл аягына чейин абаны тазалоочу аппараттарды орнотмой болушту.