> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто мөмө-жемиштерди тоңдуруучу борбор ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/oshto-momo-zhemishterdi-tonduruuchu-borbor-achyldy/
- Published: 2026-09-14T06:00:28.000Z
- Updated: 2026-09-14T06:00:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош облусунун Төлөйкөн айылында "Азия Органикс" ЖЧКсынын мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо багыты боюнча соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.**

> Борбор "Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Айыл чарба жана Экономика министрликтеринин катышуусунда Дүйнөлүк банктын каржылык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Жаңы инфраструктуралык объект айыл чарба продукциясынын сезондук түшүмүн сактоого, анын коромжу болушун азайтууга жана фермерлер үчүн сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетип, кошумча наркы жогору продукцияны экспорттоого шарт түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**