> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/sadyr-zhaparov-koreiaga-rasmii-sapar-menen-barat/
- Published: 2026-09-14T10:00:10.000Z
- Updated: 2026-09-14T12:45:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен 15–18-сентябрь күндөрү Кореяга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.**

> Сапардын негизги иш-чараларынын бири - "Борбордук Азия - Корея" биринчи саммитине катышуу. Саммиттин жыйынтыгында Сеул декларациясын кабыл алуу пландалууда.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Расмий сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактардагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомун кабыл алуу каралган.