> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соцфонд пенсиялык топтоо каражаттарынан 7,2 млрд сом төлөдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/sotsfond-pensiialyk-toptoo-karazhattarynan-7-2-mlrd-som-tolodu/
- Published: 2026-09-14T10:27:19.000Z
- Updated: 2026-09-14T10:27:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат. Бул учурда эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмү эске алынат. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.**

> Маалыматка караганда, 2026-жылдын 1-сентябрына карата Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддон жалпы **246 миң 866 жаранга 7 млрд 208,5 млн сом** төлөнгөн. Анын ичинен пенсия курагына жеткен **213 миң 979 адамга 3 млрд 568 млн сом** берилген.

Мындан тышкары, чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткен **4 миң 713 адамга 272,1 млн сом**, каза болгон камсыздандырылган жарандардын **13 миң 241 мураскоруна 433,7 млн сом** төлөнгөн. Ошондой эле турак жай шарттарын жакшыртууга, оор ооруларды дарылоого жана башка белгиленген багыттарга пенсиялык топтоо каражаттары берилүүдө.

Оор оорулары бар **1 миң 46 жаранга 170 млн сом**, ал эми расмий катталган **544 жумушсузга 8,3 млн сом** төлөнгөн. Социалдык фонд жарандарды ар кандай шарттарда колдоо максатында пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.