> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта 2 кабаттуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/14/suzakta-2-kabattuu-zhany-mektep-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-09-14T11:20:48.000Z
- Updated: 2026-09-14T11:20:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында Абдыкалык Молдоисаев атындагы №59 жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн катышты.** 

> Курулуш министрлиги билдиргендей, мектеп Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Жаңы эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1 281 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл шарттар каралган.

Мектептин курулушу 2025-жылы башталып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.