> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүү маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/aiyl-charbasyna-zhenildetilgen-nasyia-beruunu-tezdetuu-maselesi-talkuulandy/
- Published: 2026-09-15T08:49:10.000Z
- Updated: 2026-09-15T08:49:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дуйшеевдин жетекчилиги алдында "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Ага министрликтин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана "Элдик Банк", "АБанк" өкүлдөрү катышты.**

> Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жыйында кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнүн жүрүшү, насыя берүүнү тездетүү жана каржылык компоненттин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле насыя алуучулардын санын кеңейтүү жана насыялоо жол-жоболорун өркүндөтүү талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар айыл чарба ишкерлерин колдоо үчүн кредиттик ресурстарды өз убагында жана натыйжалуу жайгаштыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө макулдашты.