> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/akyrky-5-zhyldyn-ichinde-1-klasska-bargan-okuuchulardyn-sany-22-ga-azaidy/
- Published: 2026-09-15T09:10:54.000Z
- Updated: 2026-09-15T09:10:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Акыркы беш жылда мектептердеги окуучулардын саны 13%га көбөйүп, 1,6 млн адамга жеткен. Алардын 49%ын кыздар, 51%ын балдар түзөт. Ошол эле учурда биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны азайууда. 2025/2026-окуу жылында 1-класска 116 миңге жакын бала кабыл алынган. Бул 2021/2022-окуу жылына салыштырмалуу 22%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.**

### **Жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдарынын жана алардагы окуучулардын саны**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/0------.png)

Кыргызстанда 2025/2026-окуу жылынын башында 2 374 күндүзгү жалпы билим берүү уюму иштеген. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын саны акыркы беш жылда 38%га көбөйүп, 2025-жылы өлкөдөгү бала бакчаларда 276 миң бала тарбиялангандыгын белгилүү болду. 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын үлүшү болжол менен **35%ды** түзгөн болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 24% болгон.

### **Бала бакчага барган балдардын үлүшү**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/1-------.png)

> Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда **93 баштапкы кесиптик билим берүү уюму** иштеп, анда 28 миңге жакын окуучу билим алган. Бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жумушчу кесиптери боюнча квалификация берилет. 2025-жылы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары **20 миңден ашык квалификациялуу жумушчу** даярдаган. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 15%га аз.

Ал эми орто кесиптик билим берүү тармагында 2025-жылы **134 билим берүү уюму** иштеп, анда 133 миңден ашуун студент билим алган. Салыштыруу үчүн, 2021-жылы бул көрсөткүч 98 миң студент болгон.

2025/2026-окуу жылында орто кесиптик билим берүүдө эң көп тандалган багыттардын катарына **билим берүү, экономика жана башкаруу, саламаттык сактоо** кирген.

Жогорку кесиптик билим берүү тармагында 2025/2026-окуу жылынын башында **64 окуу жай** иштеген. 2021/2022-окуу жылында алардын саны 60 болгон. Жогорку окуу жайларда 231 миңден ашык студент билим алып, бул көрсөткүч акыркы беш жылдагы деңгээлде дээрлик сакталган.