> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте коомдук транспортто эми рейддер күчөтүлгөн тартипте өткөрүлүп
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/bishkekte-koomduk-transportto-emi-reidder-kuchotulgon-tartipte-otkorulup/
- Published: 2026-09-15T09:55:19.000Z
- Updated: 2026-09-15T10:19:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу 15-сентябрдан баштап, рейддер күчөтүлгөн тартипте өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн тартиби түшүндүрүлүп, жол киренин төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Транспорт департаментинен кабарлашты.**

Билдирүүгө караганда, шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаменти атайын контролёрлор жана “Тулпар” компаниясы менен биргеликте жүргүнчүлөр арасында байма-бай рейддерди өткөрүп келет.

Буга чейин жүргүзүлгөн системалуу түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жол кирени төлөөгө байланыштуу көйгөйлөр бара-бара азайып, жүргүнчүлөрдүн электрондук төлөм системасын колдонуу деңгээли жогорулап баштагандыгы айтылууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**