> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ: чет өлкөлүк жарандарды КРда белгиленген талаптарды так сактоого чакырат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/iim-chet-olkoluk-zharandardy-krda-belgilengen-talaptardy-tak-saktoogo-chakyrat/
- Published: 2026-09-15T04:16:59.000Z
- Updated: 2026-09-15T04:16:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды өлкөдө болуунун жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн белгиленген талаптарын так сактоого чакырат. Кыргызстанда мыйзамдуу иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө тийиш.**

Алар жашаган жери боюнча өз убагында каттоодон өтүүгө жана тиешелүү документтердин мөөнөтүн өз убагында узартууга милдеттүү.

**ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлагандай -* ***студенттик, туристтик, ишкердик** *жана "* **Сапар" визалары** *менен келген чет өлкөлүк жарандарга* ***эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жол берилбейт** *. Ошондой эле чет өлкөлүк жаран Бирдиктүү уруксатта көрсөтүлгөн иш берүүчүдө гана иштөөгө укуктуу.*

Ал эми миграциялык талаптарды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке жана айып пул салууга алып келет.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, каада-салтын жана маданиятын урматтап, коомдук тартипти сактоого чакырууда.