> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/osh-oblusunda-magnitudasy-3-bolgon-zher-titiroo-kattaldy/
- Published: 2026-09-15T05:06:20.000Z
- Updated: 2026-09-15T05:06:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды. Силкинүү Ош облусунун айрым калктуу конуштарында сезилген. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.**

Жер титирөө саат 07:55те болгон. Анын очогу 20 чакырым тереңдикте жайгашып, очогундагы күчү болжол менен 3 баллды түзгөн.

> Жер титирөөнүн эпицентри Шоро-Башат айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Шералы айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Манас шаарынан 21 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Шоро-Башат айылында жер титирөө болжол менен 2,5 балл күчүндө сезилген.

Бул Кыргызстанда акыркы бир жума ичинде катталган биринчи жер титирөө эмес. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда кечинде өлкө аймагында жарым саатка жетпеген аралыкта магнитудасы 3,4 жана 4 болгон эки жер титирөө катталган.