> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто бүгүн 10 миңден ашуун бала 1-класска барды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/oshto-bugun-10-minden-ashuun-bala-1-klasska-bardy/
- Published: 2026-09-15T06:10:01.000Z
- Updated: 2026-09-15T06:10:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.**

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 мектепте өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

> Быйыл Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Анын ичинен кыргыз тилдүү класстарга 4330 орун бөлүнүп, 2790 окуучу, ал эми орус тилдүү класстарга 7866 орун бөлүнүп, 7613 окуучу кабыл алынган.

Ошондой эле №35 мектептин жаңы курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. Мэр мектепке окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү максатында интерактивдүү доска белек кылды