> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/talasta-buudaidyn-tushumduulugu-gektaryna-10-tonnaga-zhetti/
- Published: 2026-09-15T06:30:57.000Z
- Updated: 2026-09-15T06:30:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер, башкача айтканда 10 тонна буудай алынды. Бул 2026-жылдагы буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.**

> Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт. Манас районундагы жогорку көрсөткүч заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөндөрдү тандоо жана агротехникалык иштерди өз убагында жүргүзүүнүн натыйжасында камсыздалганы белгиленди.

Айыл чарбасында заманбап технологияларды жана сапаттуу үрөндөрдү колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатып, дан эгиндеринин өндүрүшүн көбөйтүүгө шарт түзүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**