> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектеп пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/15/zhany-okuu-zhylyna-karata-olko-boiuncha-81-mektep-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-09-15T07:40:14.000Z
- Updated: 2026-09-15T07:40:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026–2027-жаңы окуу жылына карата республика боюнча 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Алардын ичинен 40 объект жаңыдан курулса, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.**

> Курулуш министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 26, Ысык-Көлдө 11, Нарында 13, Ош облусунда 9 жана Таласта 4 объекттин иштери аяктады.

Мындан тышкары, президент **Садыр Жапаровдун** тапшырмасынын негизинде Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери жүрүп жатат.

Министрлик билим берүү объектилеринин сапаттуу курулушуна, иштердин белгиленген мөөнөттө аякташына жана окуучулар үчүн тиешелүү шарттардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.