> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/bishkekte-sintetikalyk-bangizatty-myizamsyz-tashyp-keluu-ishine-bogot-koiuldu/
- Published: 2026-09-16T11:15:38.000Z
- Updated: 2026-09-16T11:15:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**“Түндүк” темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “мефедрон” аттуу синтетикалык баңгизатты Республиканын аймагына мыйзамсыз ташып келүү каналына бөгөт коюшту.**

> Бажы кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында **2008-жылы туулган А.А.Б.** аттуу жаран кармалды. Кармалган жарандан өзгөчө ири өлчөмдө “мефедрон” аттуу синтетикалык баңгизат табылып, алынган.

Алдын ала **эсептөөлөргө ылайык**, алынган баңгизаттын партиясын мыйзамсыз саткан учурда А.А.Б. жана башка тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз кирешеси **10 миллион сомдон ашмак.**

Аталган факты боюнча баңгизаттын келип чыгуу булагын, аны мыйзамсыз ташып келүү каналдарын, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.