> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбордук Азия жана Корея "Сеул декларациясына" кол коюшту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/borborduk-aziia-zhana-koreia-seul-deklaratsiiasyna-kol-koiushtu/
- Published: 2026-09-16T09:45:04.000Z
- Updated: 2026-09-16T09:45:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Сеул шаарында өткөн "Борбордук Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары "Сеул декларациясына" кол коюшту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.**

> Документке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Корея Республикасынын лидерлери кол койду. Анда тараптардын өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, коопсуздук, инвестиция, соода, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана технология тармактарындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча багыттар камтылган.

Тараптар "Корея Республикасы - Борбордук Азия" саммитин эки жылда бир жолу өткөрүүгө макулдашты. Саммиттердин ортосунда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кызматташуу форумун өткөрүү каралууда.

Ошондой эле биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, критикалык минералдар, жасалма интеллект, айыл чарбасы, таза энергетика, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстары боюнча кызматташтыкты күчөтүү белгиленди.

Мындан тышкары билим берүү, илимий изилдөө, маданият, авиация жана эмгек ресурстары жаатындагы гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча макулдашуулар камтылды.

Казакстан 2028-жылы Астанада "Борбордук Азия - Корея Республикасы" экинчи саммитин өткөрүүгө даяр экенин билдирип, бул сунуш башка мамлекеттер тарабынан колдоого алынды.