> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/darya-dolboorunun-alkagynda-kesiptik-bilim-beruunu-onukturuu-talkuulandy/
- Published: 2026-09-16T12:45:39.000Z
- Updated: 2026-09-16T12:45:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.**

Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып пилоттук негизде киргизилген SCAFFOLD методологиясынын жыйынтыктары тааныштырылды. SCAFFOLD - педагогдорду жана окуучуларды колдоого багытталган, кесиптик жана негизги компетенцияларды өнүктүрүүгө жардам берген заманбап окутуу методологиясы.

Жолугушууга Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан боюнча өлкөлүк координатор жана Кыргызстандын билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору катышты.

> Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, учурда методология 5 кесиптик лицейде апробацияланып, 1 868 педагог окутуу жана методикалык колдоо менен камтылган. Ошондой эле 7 800дөн ашуун окуучу тартылып, өлкөнүн жети облусунда 200дөн ашуун окутуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

 Тараптар SCAFFOLD методологиясын бардык кесиптик лицейлерде жайылтуу, педагогдордун жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин компетенцияларын өнүктүрүү, компетенттүүлүккө багытталган жана жумуш ордунда окутууну өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү долбоордун жыйынтыктарын туруктуу негизде улантуу жана кесиптик даярдыкты эмгек рыногунун талаптарына ылайык жакшыртуу маанилүү экенин белгилешти.

****DARYA** — Борбордук Азиядагы жаштарды колдоого багытталган Европа Биримдигинин тарыхындагы алгачкы аймактык долбоор. Ал жаштарды коомго аралаштырууга жана эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралар аркылуу колдоо көрсөтөт.