> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/kyrgyzstanda-topurak-khimiialyk-laboratoriia-birinchi-zholu-akkreditatsiiadan-ottu/
- Published: 2026-09-16T11:30:28.000Z
- Updated: 2026-09-16T11:30:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы аккредитациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

Лаборатория Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитацияланып, ага № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди.

> Министрликтин маалыматына караганда, лаборатория өлкөдөгү ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи болуп аккредитациядан өттү. Анда топурактын, суудагы эритмелердин жана жер алдындагы суулардын химиялык, физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү изилденет.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары инженердик изилдөө иштеринде, долбоорлоодо жана курулушта колдонулат. Аккредитация лабораториянын техникалык компетенттүүлүгүн жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн ишенимдүүлүгүн тастыктайт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**