> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто сентябрдын аягына чейин дагы 5 билим берүү уюму ачылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/oshto-sentiabrdyn-aiagyna-cheiin-dagy-5-bilim-beruu-uiumu-achylat/
- Published: 2026-09-16T04:55:17.000Z
- Updated: 2026-09-16T04:55:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Сентябрдын аягына чейин Ош облусунда дагы 5 билим берүү уюмунун ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев билдирди.

Ал бул тууралуу Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында 275 орундуу И. Базаркулов атындагы мектептин ачылыш аземинде айтты.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин ачылышы аймактагы окуучулар үчүн билим алууга шарттарды жакшыртууга багытталган.