> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/sadyr-zhaparov-seuldagy-uluttuk-memorialga-gul-koidu/
- Published: 2026-09-16T03:55:39.000Z
- Updated: 2026-09-16T03:55:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.**

> Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим этип, мемориалга гүл койду.

Аземден кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды. Сапар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча расмий иш-чаралардын алкагында өтүүдө.