> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/ysyk-koldo-kutkaruuchularga-16-mln-somgo-ataiyn-tekhnika-tapshyryldy/
- Published: 2026-09-16T12:30:46.000Z
- Updated: 2026-09-16T12:30:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.**

> Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар. Техникаларды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү **Бакытбек Жетигенов** куткаруучуларга тапшырды.

ӨКМ министри **Канатбек Чыныбаев** куткаруу кызматын техникалык жактан камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн Бакытбек Жетигеновго ыраазычылык билдирди.

Жаңы техника тоолуу аймактарда жана суу объектилеринде издөө-куткаруу иштерин ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**