> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/16/ysyk-koldo-reid-uchurunda-3-2-min-metr-sintetikalyk-tor-chygaryldy/
- Published: 2026-09-16T11:00:13.000Z
- Updated: 2026-09-16T11:00:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда көлдүн акваториясынан 3 миң 200 метр эски синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, рейд 14–15-сентябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Синтетикалык торлор балыкты мыйзамсыз кармоодо колдонулганы аныкталган.

Министрлик мындай иш-чаралар суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында туруктуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**