> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/2026-zhyldyn-ianvar-iiul-ailarynda-ortocho-ailyk-aky-54-864-min-somdu-tuzdu/
- Published: 2026-09-17T09:00:50.000Z
- Updated: 2026-09-17T09:00:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын январь–июль айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 54 864 сомду түздү. 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу айлык акы 28,5 %га өстү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин КРнын социалдык-экономикалык абалы боюнча алдын ала маалыматында берилген.**

> Билдирүүгө караганда, керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу **эмгек акы 15,9 %га** көбөйдү. Айлык акынын өсүшү экономикалык ишмердиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалды. Алардын эң олуттуу жогорулашы кийинки тармактарда белгиленген: 

- искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (49,2 %),
- саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө (43,7 %),
- билим берүү (42,0 %),
- айыл чарбасы, токой чарбасы (36,1 %),
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (33,1 %),
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (25,4 %),
- кыймылсыз мүлк операциялары (24,1 %),
- курулушта (22,4 %) ж.б.

Ал эми **2026-жылдын 1-июлуна** карата жалпы республика боюнча эмгек акы төлөө боюнча жалпы **карыздын суммасы** өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда **2,5 % азайды.**

> Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтары боюнча жумуш издеп, мамлекеттик иш менен камсыздоо органдарында каттоодо турган **жумушсуз** калктын саны 2026-ж. 1-августуна карата **60,6 миң** адамды түздү, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 6,5 % аз, анын ичинен катталган жумушсуздардын саны - 37,5 миң адам же 17,2 % аз.

Катталган **жумушсуздардын** жалпы санынын **46,6 % аялдарга** туура келди. Катталган жумушсуздуктун деңгээли жумушчу күчүнүн жалпы санынын 1,3 % түздү.