> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/2029-zhylga-cheiin-mektepke-cheiinki-bilim-beruu-uchun-300-zhany-material-ishtelip-chygat/
- Published: 2026-09-17T12:00:37.000Z
- Updated: 2026-09-17T12:00:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.**

Бүгүн министрликте мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды. Талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. 

> Маалымдалгандай, аталган долбоор министрлик тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда.

Талдоонун жүрүшүндө учурда колдонулуп жаткан материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери аныкталды. Анын жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу сунушталды.

Жаңы материалдар кагаз менен гана чектелбестен, санариптик, аудио жана видео форматтарда да даярдалат. Алар балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте жаштан өнүктүрүүгө багытталат.