> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/bishkekte-arzan-et-satkan-fudtraktar-ishtep-zhatat/
- Published: 2026-09-17T09:35:18.000Z
- Updated: 2026-09-17T09:35:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында арзан эт саткан көчмө фудтрактар иштеп жатат. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда аталган көчмө унааларда ар бир адамга 5 кг чейин эт сатылууда.** **Андагы уйдун сөөктүү эти азыркы бүгүн 17-сентябрга карата - 680 сомго бааланып жатат.**

 “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада саткан күркөлөр учурда Бишкек шаарынын төрт районуна бөлүштүрүлгөн. Алар борбор калаанын төмөнкү даректеринде жайгаштырылган:

- Бишкек шаары, Аламүдүн-1 конушу, 7/1, Сагынбай Манасчы көчөсү (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай)
- Бишкек шаары, Көк-Жар кичи району, 3/1 (унаа токтотуучу жай);
- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
- Бишкек шаары, Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай)
- Бишкек шаары, Тунгуч кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
- Бишкек шаары, «Ортосай» базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы)
- Бишкек шаары, Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши (Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
- Бишкек шаары, Ленин көчөсү, 135
- Бишкек шаары, Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
- Бишкек шаары, Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.