> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте муниципалдык менчиктеги 106 авто унаа аукционго коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/bishkekte-munitsipaldyk-menchiktegi-106-avto-unaa-auktsiongo-koiuldu/
- Published: 2026-09-17T04:00:34.000Z
- Updated: 2026-09-17T04:00:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өтөрүн жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, ачык соода 2026-жылдын 24-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт. Аукционго жалпы 106 лот коюлат. Алардын баштапкы түрү, чыккан жылы жана баштапкы баасы менен [*бул жерден*](https://docs.google.com/document/d/1ZFgIImxO7Ild%5FSPwsxDDG1NgmdGMA%5F6m/edit)таанышууга болот.

Ал эми аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 18-сентябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында, Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча кабыл алынат.

 Катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;
- өздүгүн тастыктаган документ;
- кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм документи.

 Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.

 Кошумча маалыматты Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынан 0312 979 195 (ички 4220) телефону аркылуу алууга болот.