> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте үч эм төрөлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/bishkekte-uch-em-toroldu/
- Published: 2026-09-17T06:10:59.000Z
- Updated: 2026-09-17T06:10:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда бүгүн кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

26 жаштагы шаар тургуну 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен ооруканага жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү.

> Маалыматка ылайык, үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү.

Учурда эненин жана балдардын абалы канааттандырарлык.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**