> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/bugun-bishkektin-airym-aimaktarynda-ysyk-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-09-17T04:30:10.000Z
- Updated: 2026-09-17T04:46:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61, 63, 65, 67, 69, 71, 73, 75, 77, 79, 53А (дүкөн) жана Акылбеков көчөсүндөгү 66, 66/1, 70 (бала бакча), 68 (№52 мектеп), ошондой эле Акылбеков көчөсүндөгү жеке турак жай сектору.

Иштер аяктагандан кийин ысык суу берүү кайра калыбына келтирилет. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы тургундардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**