> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлиги жана ЕЭК эмгек миграциясын талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/emgek-ministrligi-zhana-eek-emgek-migratsiiasyn-talkuulady/
- Published: 2026-09-17T10:00:48.000Z
- Updated: 2026-09-17T10:00:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев бүгүн Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Айгүл Рыскулова менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.**

Жолугушууда ЕАЭБ алкагындагы эмгек миграциясы, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык корголушу, ошондой эле жарандардын укуктарын камсыздоо маселелери талкууланды.

> Министр Кыргызстандын жарандарынын ЕАЭБ өлкөлөрүндө болуу жана эмгектенүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган механизмдерди өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

ЕЭК өкүлү эмгек миграциясын санариптештирүү жана бирдей социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча Комиссиянын демилгелери тууралуу маалымат берди.

Тараптар социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары күчөтүп, биргелешкен иштерди улантууга макулдашты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**