> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдо мыйзамсыз курулуштар аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/karakoldo-myizamsyz-kurulushtar-anyktaldy/
- Published: 2026-09-17T07:20:40.000Z
- Updated: 2026-09-17T07:20:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Каракол шаарында курулуш мыйзамдарын жана тиешелүү ченемдерди бузган эки объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

> Маалымдалгандай, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын текшерүүсүндө Кадыров көчөсү 92 дарегиндеги конок үйү жеке турак жай курууга арналган жер тилкесинде жайгашканы белгилүү болгон. Жер тилкесинин жана турак жайдын багыты өзгөртүлбөстөн, объект конок үйү катары пайдаланылып келген.

Ошондой эле Коенкозов көчөсү 10 дарегиндеги көп батирлүү турак жайларда тиешелүү уруксат документтери жок курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган.

Мыйзам бузуулар боюнча жооптуу тараптарга актылар түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**