> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Корея жана Борбор Азия менен жасалма интеллект боюнча өнөктөштүктү сунуштады
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/kyrgyzstan-koreia-zhana-borbor-aziia-menen-zhasalma-intellekt-boiuncha-onoktoshtuktu-sunushtady/
- Published: 2026-09-17T11:10:57.000Z
- Updated: 2026-09-17T11:10:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Сеул шаарында "Корея Республикасы - Борбордук Азия: жасалма интеллект, илим жана келечектин технологиялары жаатындагы өнөктөштүк" аттуу биринчи министрлер жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда жасалма интеллект, илим жана технологиялар тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Корея тарап Борбор Азия өлкөлөрү менен бул багыттагы өнөктөштүк демилгесин тааныштырды.

> Гульзат Исаматова жасалма интеллектти коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонуу, кадрларды даярдоо жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан жасалма интеллект боюнча региондук кызматташтык платформасын түзүүнү сунуштады. Анын алкагында жөнгө салуу, адистерди даярдоо жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралмакчы.

Мындан тышкары, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окумуштуулар жана жаш изилдөөчүлөр менен алмашууну кеңейтүү, лабораториялар менен илимий маалыматтарды биргелешип пайдалануу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгени кабыл алышты.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**