> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын коргоо министри Пекинде Кытайдын коргоо министри менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/kyrgyzstandyn-korgoo-ministri-pekinde-kytaidyn-korgoo-ministri-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-09-17T08:45:58.000Z
- Updated: 2026-09-17T08:45:57.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Пекин шаарында өтүп жаткан 13-Пекин Сяньшань форумунун алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар коргонуу жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Форум 15-17-сентябрь күндөрү Пекинде "Туруктуулукту бекемдөө, күч-аракеттерди бириктирүү жана коопсуздук чөйрөсүндө глобалдык башкарууга биргелешип көмөктөшүү" темасында өтүүдө. Ага Коргоо министрлигинин делегациясы катышууда.