> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/sadyr-zhaparov-seuldagy-kyrgyzstandyn-elchiligine-bardy/
- Published: 2026-09-17T09:20:42.000Z
- Updated: 2026-09-17T09:20:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеулдагы элчилигине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.**

Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөр өтүүчү залдарды көрүп чыкты.

Кыргызстандын Сеулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгү 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Буга чейин элчилик имаратты ижарага алып келген.

> 2025-жылдын апрелинде Сеулдун борборунан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн өз имараты сатып алынган. Президенттин айтымында, бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров мындай тажрыйбаны башка өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да колдонуу зарылдыгын белгиледи.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**