> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Учкун" эми жеке мектептерге окуу китептерин түз сатпай турган болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/uchkun-emi-zheke-mektepterge-okuu-kitepterin-tuz-satpai-turgan-boldu/
- Published: 2026-09-17T12:50:36.000Z
- Updated: 2026-09-17T12:50:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Агартуу министрлиги "Учкун" басмаканасына окуу китептерин жеке мектептерге түз сатууга тыюу салды. Бул тууралуу "Учкун" ААКынын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев билдирди.**

> Анын айтымында, буга чейин басмакана окуу китептерин кайрылуулардын негизинде каалоочуларга, анын ичинде жеке мектептерге өз каражатына сатып келген.

Эми китептерди бөлүштүрүү менен Агартуу министрлиги алектенмекчи болду. Мекеме жеке мектептерден өтүнмөлөрдү чогултуп, жалпы буйрутманы түзүп, кайсы мектепке канча китеп берилерин аныктайт.

Буга чейин "Учкун" 23 млн сомдук окуу китептерин сатканы маалым болгон. Бул маалымат депутат Дастан Бекешев "Дордой" базарынан "Сатууга болбойт" деген белгиси бар, 3-класстын математика китебин 650 сомго сатып алганын билдиргенден кийин, коомчулукта талкууга түшкөн.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**