> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумгалдын Көк-Ой айылына таза суу жеткирилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/17/zhumgaldyn-kok-oi-aiylyna-taza-suu-zhetkirildi/
- Published: 2026-09-17T03:35:18.000Z
- Updated: 2026-09-17T03:35:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылына таза суу жеткирилди. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" (ADI) билдирди.

> Маалымдалгандай, 2 770ге жакын тургун жашаган айылга тоо булагынан 4 чакырым аралыкка суу түтүктөрү тартылды. Ишке керектүү материалдарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен **818 миң сом** бөлүнүп, суу түтүктөрүн тартууга 40 айыл тургуну тартылган. Алардын ар бирине эмгеги үчүн 300 килограмм ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилген.

Долбоор Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен "Эмгек үчүн азык-түлүк жардам" долбоорунун алкагында ишке ашырылган. ADI бул долбоордун Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарындагы өнөктөшү болуп саналат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**