> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясын тааныштырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/aiyl-charba-ministrligi-idyikan-tirkemesinin-testtik-versiiasyn-taanyshtyrdy/
- Published: 2026-09-18T11:05:05.000Z
- Updated: 2026-09-18T11:05:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Айыл чарба министрлигинде дыйкандар үчүн "IDyikan" тиркемесинин тесттик версиясы тааныштырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.**

"IDyikan" - фермер менен мамлекеттин байланышын жеңилдеткен бирдиктүү санарип платформа. Аны министрликке караштуу "АгроСмарт" мекемеси иштеп чыгууда.

Учурда платформада жаныбарларды каттоо, электрондук балык уулоо билетин алуу жана жеңилдетилген насыяга онлайн арыз берүү сыяктуу кызматтар санариптештирилди.

> Айыл чарба министрлиги билдиргендей, келечекте маалымкаттарды, лицензияларды, сугат суусу жана дотациялык үрөндөр боюнча кызматтарды да электрондук форматка өткөрүү пландалууда. 

Ошондой эле фермерлер, жер тилкелери, жаныбарлар жана техника боюнча бирдиктүү реестр түзүлөт. Бул маалыматты кайталап талап кылууну азайтат. Учурда тиркеме тесттик режимде иштеп жатат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**