> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ата-энелер медициналык маалымкаттарды эми электрондук түрдө бере алат
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/ata-eneler-meditsinalyk-maalymkattardy-emi-elektronduk-turdo-bere-alat/
- Published: 2026-09-18T09:50:18.000Z
- Updated: 2026-09-18T09:50:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар электрондук форматка өтүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, эми аларды "Түндүк" тиркемеси аркылуу мектеп жана бала бакчага берсе болот. 

095/у формасы - сабактан бошотулгандыгы тууралуу маалымкат. 24-августтан тартып ал болгону электрондук түрдө гана берилет. Мектептер кагаз түрүн талап кыла албайт.

026/у формасы - баланын ден соолугу тууралуу документ. Ал 2027-жылдын 1-январына чейин кагаз жана электрондук түрдө да бериле берет. Электрондук формасы бар болсо, кагазын талап кылуунун кереги жок.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**