> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде ГЭС куруучу компанияга 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/batkende-ges-kuruuchu-kompaniiaga-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-09-18T05:45:15.000Z
- Updated: 2026-09-18T05:45:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.**

Көзөмөл иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан "Исфайрам-4" кичи ГЭСинин курулуш объектисинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. 

Текшерүүдө объектте арматураларды токуу иштери бекитилген башкы долбоордун талаптарынан четтөө менен аткарылганы аныкталган. Бул "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу болуп саналат.

> Курулуш министрлиги билдиргендей, аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча курулушту жүргүзүп жаткан "Бай Строй" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, кемчиликтерди долбоорго ылайык келтирүү боюнча жазма эскертме берилди. 

Мындан сырткары протокол түзүлүп, жооптуу компанияга **200 000 сом** өлчөмүндө айып пул салынды. Аныкталган кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**