> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте абаны булгаган 3 унаа аныкталып, 22 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/bishkekte-abany-bulgagan-3-unaa-anyktalyp-22-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-09-18T07:00:41.000Z
- Updated: 2026-09-18T07:00:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Орок айылында абаны булгаган унаалар текшерилип, 3 айдоочуга 22 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн боюнча башкармалыгы жол сакчылары менен биргеликте Орок айылында рейд өткөрдү. Рейддин максаты - унаалардан чыккан түтүн жана зыяндуу заттарды текшерип, абанын булганышын азайтуу.

Текшерүү учурунда экологиялык талапты бузган 3 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 22 500 сом айып пул салынды.

Министрликтен мындай рейддер туруктуу өткөрүлүп турарын жана абанын сапатын жакшыртууга багытталганын билдиришти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**