> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги таштанды заводунун экинчи этабын куруу каралууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/bishkektegi-tashtandy-zavodunun-ekinchi-etabyn-kuruu-karaluuda/
- Published: 2026-09-18T04:45:18.000Z
- Updated: 2026-09-18T04:45:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводдо ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө комиссия Бишкек шаарындагы полигонду текшерип, заводдун технологиялык процесси менен таанышты. Заводдун экинчи этабын куруу жана анын кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин көбөйтүү каралууда.

Комиссияга заводдун иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде кайра иштетилген калдыктардын жана өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүнө, чыгымдарына жана кирешелерине талдоо жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле экинчи этаптын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө баа берилет.

Мындан тышкары, министрликтин адистери заводдун ишмердигине жана экинчи этаптын курулушуна байланыштуу жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча тиешелүү корутунду беришет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**