> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй районунда кышка даярдык: 221 тонна көмүр келди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/chui-raionunda-kyshka-daiardyk-221-tonna-komur-keldi/
- Published: 2026-09-18T08:50:20.000Z
- Updated: 2026-09-18T08:50:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй районунда 2026/2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрация билдирди.**

> Маалымдалгандай, даярдык министрлер кабинетинин 9-июндагы №404 токтомунун жана президенттин Чүйдөгү өкүлүнүн 19-июндагы №123 буйругунун негизинде жүрүүдө. Район акиминин 29-июндагы №183 тескемеси кабыл алынган.

Аким Осмоновдун төрагалыгында штаб жыйыны өтүп, социалдык объектилерди жана калкты көмүр менен камсыздоо маселеси каралды.

Бүгүнкү күндө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнө 221 тонна көмүр келип түштү. Анын ичинен ФАПтар үчүн каралган 113 тонна көмүр толук жеткирилип, жабык кампаларга киргизилди.

Райондо калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн 3 көмүр базасы - Онбир-Жылга, Бурана жана Чүй айыл өкмөттөрүндө уюштурулду. Калган айыл өкмөттөргө көмүр 1-октябрга чейин жеткирилери күтүлүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**