> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу болуп өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/kyrgyzstan-menen-orusiianyn-birgeleshken-abadan-korgonuu-kuchtorunun-mashyguusu-bolup-ottu/
- Published: 2026-09-18T09:10:08.000Z
- Updated: 2026-09-18T09:10:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Балыкчы шаарында Кыргызстан менен Орусиянын Биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасынын нөөмөттөгү күчтөрүнүн штабдык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда өттү. Машыгуунун жүрүшүндө штабдык машыгуунун жыйынтыктары угулуп, катышуучулар аткарылган иштерди жыйынтыктап, абадан коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Машыгуу бекитилген планга ылайык өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгууга жана башкаруу органдарынын, ошондой эле Биргелешкен абадан коргонуу системасынын нөөмөттөгү күчтөрүнүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берди.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өркүндөтүүнүн багыттары аныкталды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**