> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен PIOLINK киберкоопсуздук боюнча меморандумга кол койду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/kyrgyzstan-menen-piolink-kiberkoopsuzduk-boiuncha-memorandumga-kol-koidu/
- Published: 2026-09-18T09:30:44.000Z
- Updated: 2026-09-18T09:30:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров PIOLINK компаниясынын президенти Ян Чхоль Чо менен жолугушту. Бул тууралуу агенттик билдирди.**

Жолугушууда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды.

> "Санариптик инфраструктура өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугунун маанилүү бөлүгү. PIOLINK менен кызматташтык технологиялык базаны чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө өбөлгө түзөт", - деди Сабиров.

Тараптар Кыргызстанда санариптик трансформация жана заманбап чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Жыйынтыгында Улуттук инвестиция агенттиги менен PIOLINK ортосунда санариптик инфраструктура жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**