> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин маркетинг планы иштелип чыкты
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/kyrgyzstanda-tabigyi-kyrgyz-zhangagy-brendinin-marketing-plany-ishtelip-chykty/
- Published: 2026-09-18T12:00:42.000Z
- Updated: 2026-09-18T12:00:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин Улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Жыйынтыктоочу жыйын аталган министрликте өттү. Ага министрдин орун басары **Рысгүл Акимжанова** катышты.

Бренддин негизги максаты - кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рынокто таанытуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. 

> Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жылына 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналат жана ал көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн киреше булагы. 

Маркетинг планына бренддин логотибин, визуалдык стилин иштеп чыгуу, QR-код системасын киргизүү, социалдык тармактар аркылуу жайылтуу жана эл аралык көргөзмөлөрдө таанытуу кирет. Кийинки этапта органикалык сертификация жана географиялык көрсөткүчтү каттоо пландалууда.