> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарынын күнүнө карата ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/18/osh-shaarynyn-kununo-karata-at-chabyshta-bash-baigege-2-avtounaa-koiuldu/
- Published: 2026-09-18T07:45:41.000Z
- Updated: 2026-09-18T07:45:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата "Төлөйкөн" ат майданында Ош шаарынын мэринин кубогу өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду. Жарышта 3 аралык боюнча күч сынашат:

  
• Батакур чабыш – 6 000 метр: 

1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 30 000 сом, 3-орунга 10 000 сом;

• Кунан чабыш – 12 000 метр: 

1-орунга автоунаа, 2-орунга 100 000 сом, 3-орунга 50 000 сом;

• Аламан чабыш – 25 000 метр: 

1-орунга автоунаа, 2-орунга 150 000 сом, 3-орунга 80 000 сом.

Мындан тышкары, 2-октябрдан 5-октябрга чейин Ош облусунун райондор аралык көк бөрү оюндары болот.Мэрия бардык тургундарды жана конокторду чоң майрамга күбө болууга чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**